NobleBlocks

Research indexJournal article

НАТЮРМОРТ ЖАНРЫНЫН ТАРЫХЫ ЖАНА ЗАМАНБАП ӨНҮГҮҮСҮ

ӨСӨРБАЕВНА, СУЮНБЕКОВНА, САРЫБАЕВИЧ and 2 others

Zenodo (CERN European Organization for Nuclear Research)31 Jan 2026Open access

NobleIDark:/48914/w1/20260525/C9BADC17DOI10.5281/zenodo.18628201

Free to read at the publisher

You can read the abstract here, or the full text at the publisher.

Read at the publisher

Abstract

Бул макалада натюрморт жанрынын тарыхый өнүгүүсү, ар кыл доорлордогу өзгөчөлүктөрү жана заманбап искусстводо алган орду каралат. Натюрморттун байыркы Чыгыштагы, Крит жана байыркы грек-рим искусствосундагы башаттары, ошондой эле Ренессанс, Караваджизм, голланд жана фламанд мектептериндеги өнүгүүсү баяндалат. 18–19-кылымдарда француз, немис жана орус мектептериндеги натюрморттун стилдик өзгөрүүлөрү, романтизм, реализм жана импрессионизмдеги ролу талданат. 20-кылымдагы авангардизм, сюрреализм, поп-арт жана гиперреализмдеги жаңы формалары, ошондой эле заманбап мультимедиа, фотография жана инсталляциялык натюрморттун актуалдуулугу көрсөтүлөт. Макалада натюрморттун философиялык, символдук жана эстетикалык мааниси, сүрөтчүлөрдүн стилистикалык эксперименттери жана жанрдын көркөм потенциалынын өнүгүүсү изилденет. Натюрморттун тарыхый жана заманбап өнүгүүсү көрүүчүгө көнүмүш предметтерди жаңыча баалоого мүмкүнчүлүк берет.

Discussion

Topics

More

Suggest a correction or report