Research indexConference paper
АДАБИЙ ОКУУ САБАГЫ АРКЫЛУУ БАШТАЛГЫЧ КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНДА ҮЙ-БҮЛӨӨ БААЛУУЛУКТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ
изденүүчү
1 Jan 2026Open access
АДАБИЙ ОКУУ САБАГЫ АРКЫЛУУ БАШТАЛГЫЧ КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНДА ҮЙ-БҮЛӨӨ БААЛУУЛУКТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ
изденүүчү · 2026
Abstract
Макалада башталгыч класстын окуучуларында адабий окуу сабагы аркылуу үй-бүлө баалуулуктарын калыптандыруунун педагогикалык шарттары каралган. Азыркы коомдогу глобализация жана баалуулуктардын өзгөрүүсү шартында башталгыч класс окуучуларында ата-энени сыйлоо, бир туугандык мээрим жана үй-бүлөлүк салттарды үйрөтүү актуалдуу маселе болуп саналат. Макалада окуу китептериндеги көркөм чыгармалардын тарбиялык потенциалы талданып, каармандардын образы аркылуу окуучулардын адепахлактык түшүнүктөрүн өстүрүү ыкмалары сунушталган. Изилдөөнүн жүрүшүндө адабий тексттерди талдоо, ролдук оюндар жана турмуштук кырдаалдарды моделдөө сыяктуу интерактивдүү усулдардын натыйжалуулугу далилденген. Изилдөөнүн жыйынтыгында мектеп менен үй-бүлөнүн биргелешкен иш-аракети окуучунун инсандык сапаттарын калыптандыруунун негизги фактору экени аныкталган. Макаланын мазмуну башталгыч класстын мугалимдери жана педагогика багытындагы изилдөөчүлөр үчүн практикалык мааниге ээ.